2022-жылдын 19-декабрында 2022-жылга Эксперттик кеңештин жыйынтыктоочу отурумунда Мамлекеттик агенттиктин командасы Эксперттик кеңештин мүчөлөрү өздөрү активдүү катышкан жеке маалымат чөйрөсүндө мыйзамдык документтерди түзүү жана илгерилетүү боюнча 2022-жылга ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды.

Ошондой эле Агенттиктин 2023-жылга карата иш планынын долбоору каралды. Анда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоого байланышкан милдеттер камтылган. 

Жолугушуунун жыйынтыгында киберкоопсуздук жана санариптик укук жаатындагы эл аралык жана кыргызстандык эксперттер Мамлекеттик агенттик тарабынан жүргүзүлүп жаткан олуттуу иштерге, жеке маалыматтарды коргоо системасын толук ишке киргизүү, жарандарды укуктук тарбиялоо жана алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы алгылыктуу жылыштарга көңүл буруп, ошондой эле Агенттиктин 2023-жылга карата планы боюнча сунуштарын киргизди.

Эскерте кетсек, Кеңеш Агенттиктин буйругу менен акыркы эл аралык колдонмо жана илимий тенденцияларды эске алуу менен жеке маалыматтарды коргоого зарыл ченемдик-укуктук ыкмаларды киргизүү максатында түзүлгөн. Эксперттик кеңештин курамына киберкоопсуздук жана санариптик