Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте финансы секторунда жеке маалыматтар жаатындагы укук бузууларга байланыштуу инциденттерди алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи координациялык кеңешмеси өттү.

Жыйынга Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Улуттук банктын, Ички иштер министрлигинин, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдө мамлекеттик кызматынын, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлери катышты. 

Жолугушуунун катышуучулары популярдуу маркетплейсдерде жана мобилдик тиркемелерде кибер алдамчылык менен байланышкан көйгөйлөрдү, ошондой эле кибер инциденттерди мүмкүн болушунча тез арада аныктоо жана жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди (мыйзамдык жана техникалык) талкуулашты. Ведомстволор аралык топтун иши системалуу түрдө улантылат.