22-27-декабрь аралыгында Агенттик бир катар онлайн тренингдерди өткөрдү, ага 100дөн ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 160га жакын муниципалдык кызматкерлер катышты.

Окутуунун темасы – жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын реестрин толтуруу. Тренингдердин катышуучулары-шаардык мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн адистери активдүү катышышты жана берген суроолоруна жооп ала алышты.

Мыйзамга ылайык, жарандардын жеке маалыматтары менен иштеген бардык уюмдар жеке маалыматтар массивдеринин ээлери болуп саналышат жана тиешелүү Реестрде каттоодон өтүшү керек (dpa.gov.kg). Реестрдин жардамы менен жарандар кайсыл мамлекеттик же коммерциялык уюмдар жеке маалыматтарды чогултуп жаткандыгын жана аларды кайда өткөрүп бергенин көрө алышат. Жарандын макулдугусуз ашыкча жеке маалыматтарды суроого жана аларды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында тыюу салынат.

Агенттик  жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча туруктуу негизде маалымдуулукту жогорулатуу иштерди  жүргүзүп келет.