Бүгүн, агенттикте БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  Кыргыз Республикасындагы аймактык директорунун орун басары Хилке Дэвид жана программанын жетекчиси Вилли Каллонен менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Агенттиктин директору Нурия Кутнаева агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди, ошондой эле агенттиктин жаңы түзүлгөн Окуу борборунун өнүгүү келечеги менен бөлүштү. Өз кезегинде Хилке Дэвид айым Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорлору тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун катышуучулары Окуу борборунун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоонун алкагында потенциалдуу кызматташууну талкуулашты.