Кыргызстанда "Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды коргоо - Privacy Day" конференциясы өтөт
 
2023-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Европа Биримдигинин “Твиннинг” долбоору менен биргеликте “Кыргыз республикасында жеке маалыматтарды коргоо - Privacy Day” эл аралык конференциясын өткөрөт.

Конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана жаңылыктарды талкуулашат.

Ошондой эле, иш-чарада  Агенттиктин KG аймагындагы сайттардан жана мобилдик тиркемелерден чогултулган маалыматтарды иликтөөсү көрсөтүлөт жана Агенттиктин Купуялык саясатын түзүү боюнча жаңы санарип инструменти тартууланат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы бардык юридикалык жактар үчүн толтурууга милдеттүү болгон жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестрине каттоо боюнча консультация алууга болот.

Конференцияга катышуу үчүн +(996)990 950 850, 0(312) 64 10 14 телефон номерлерине чалып, катталунузду суранабыз.