2023-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн Агенттикте стажировкадан өтүү жөнүндө келишимине кол коюлду.

Жолугушууда Агенттиктин директору Нурия Кутнаева Агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди, ошондой эле жаңы түзүлгөн Агенттиктин Окуу борборунун өнүгүү келечеги менен бөлүштү.

ЕККУ Академиясынын директорунун орун басары Индира Сатаркулова ЕККУ Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн практикалык тажрыйба алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында стажировкадан өтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Окуу борборунун алкагында потенциалдуу кызматташууну жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоо тармагында окутуу боюнча мүмкүн болуучу долбоорлорду талкуулашты.