Агенттик мамлекеттик органдар үчүн жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестрин толтуруу боюнча онлайн тренингдерди өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик Агенттикте “Мамлекеттик органдар үчүн жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестрин кантип туура толтуруу керек?” деген темада практикалык окуулар өтүүдө.

Бир күндүк эки сааттык тренинг 2022-жылдын 12, 13, 14, 15-июлунда (кошкондо) жана 2022-жылдын 18-июлунда саат 15:00дө Zoom платформасы аркылуу онлайн өткөрүлөт.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышуу үчүн көрсөтүлгөн күндөрдүн бирин тандап алышы керек. Тренингге катышуу үчүн шилтеме берилген жооптуу кызматкерлерди каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтага/мессенджерлерге жөнөтүлөт.

Тренингде «Жеке маалыматтар массивдеринин кармоочуларынын (ээлеринин) реестри» (мындан ары «Реестр») маалыматтык системасында аны толтуруу боюнча визуалдык кадамдык нускамалар менен каттоо маселелери талкууланат. Мамлекеттик органга Реестрди толтурууга практикалык мүмкүнчүлүк берилээрин эске алуу менен, Агенттик алдын ала (б.а. окууга катышуу күнүнө чейин) юридикалык жактын булуттуу электрондук колтамгасын маалымат системасы аркылуу бирдиктүү идентификациялоо системасына кирүү үчүн алууну өтүнөт.

Ушуга байланыштуу кызматкерлердин катышуусун тактоо үчүн тандалган күндү жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен 2022-жылдын 12-июлунда саат 12:00дөн кечиктирбестен +996 990 950 850 телефону аркылуу ырастаңыз. info@dpa.gov.kg

Андан тышкары тренингдин алдында Агенттиктин веб-сайтынын «Жардам» бөлүмүндө жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болгон «Жеке маалыматтар массивдеринин кармоочуларынын (ээлеринин) реестри» системасынын Колдонуучунун жетекчилиги менен таанышыңыз.