Бүгүн, 2023-жылдын 27-январында, «Орион» мейманканасында Жеке маалыматтарды коргоонун Эл аралык күнүнө арналган «Кыргыз Республикасындагы Жеке маалыматтарды коргоо - Privacy Day» конференциясы болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Европа биримдигинин «Твиннинг» долбоору тарабынан уюштурулду.

Конференциянын максаты – жарандардын жеке маалыматтарын коргоо зарылчылыгы жөнүндө маалымдоо, мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда диалог түзүү, кыргызстандык жана эл аралык эксперттердин ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мамлекет тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу коомчулукка маалымат берүү. 

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары – Н.А. Азыгалив, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы – А.Н. Исанов жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Жетекчиси – Элчи Мэрилин Йозефсон сөз сүйлөштү.

Иш-чара жеке маалыматтар менен иштөөдө бардык кызыкдар тараптарды бир платформада бириктирүүгө жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана инновацияларды талкуулоого мүмкүндүк берди. Ошондой эле, бизнес чөйрөсүнө жарандардын жеке маалыматтары менен иштөөнү натыйжалуу уюштуруу боюнча кеңештер берилди.