Бүгүн, 2023-жылдын 30-январында Агенттик менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси 2023-жылга Кызматташуу планына кол коюшту.

Пландын алкагында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүү каралууда.

Жолугушууда Агенттиктин директору Нурия Кутнаева Агенттиктин ишинин жыйынтыгы жана жеке маалыматтарды коргоо системасын түзүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде ЕККУнун элчиси Алексей Рогов Кыргыз Республикасындагы жарандардын жеке маалыматтарын жана санариптик укуктарын коргоо боюнча Агенттикти толук колдоосун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу маселелери жана 2023-жылдагы биргелешкен иш-чаралардын келечеги, анын ичинде Агенттиктин Окуу борбору боюнча да талкууланды.