Бүгүн Жеке маалыматтарды коргоо боюнча Агенттикте "Умай Групп" ЖЧК өкүлү ("Глобус" жана "Народный" тармагынын башкаруучусу) М.К. Оморов менен жолугушуу болуп өттү, анда Агенттиктин KG аймагында мобилдик тиркемелер жана сайттар боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыктары талкууланды.

Агенттик тарабынан "Глобус" жана "Народный" тармактарынын купуялуулук саясатын жана жол-жоболорун деталдуу талдоо сунушталды жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап тең конструктивдүү жол менен изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты жана мындан ары тыгыз кызматташуу жана купуялуулук саясатын өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгына макул болушту.

"Умай Групп" ЖЧК тармагынын өкүлү М.К. Оморов тармак тиешелүү документтерге, анын ичинде купуялуулук саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен колдонуучулардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча бардык зарыл чараларды көрөрүнө ишендирди. Ошондой эле КР мыйзамдарына ылайык кардарлардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка жол-жоболор жөнгө салынат.