Жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу Мамлекеттик агенттик онлайн оюндарга байланыштуу каржылык алдамчылыктын мүмкүн болгон фактыларына көңүл бурат. «Ягоды плюс» деген оюн ойноп, тез жана эч кандай күч-аракет жумшабастан акча алууну каалаган жарандар ири суммадагы акчасын жоготкондугу аныкталды.

Мекеме жарандарды банк картасын, электрондук капчыктарын же башка жеке маалыматтар тууралуу  сураган ар кандай онлайн оюндарга катышуудан сактануу керектигин эскертет.


Телефонуңузга сизди тез жана жеңил утушка чакырган тиркемелерди жүктөбөгөнгө аракет кылыңыз. Оюн жөнүндө видеолор менен коштолгон социалдык тармактардагы мындай сын-пикирлерге көңүл бурбаңыз, мисалы: "Бул чындап эле иштейт", "Акча чындап эле келет!" жана башка. Мындай чакырыктар  жарнамалык максатта атайын жазылышы мүмкүн. Эч качан  онлайн оюндарга же коопсуз эмес тиркемелерге жеке малыматтарды, банк карталардын жана электрондук капчыктардын маалыматтары менен бөлүшпөңүз.


Агенттик ата-энелердин өзгөчө көңүлүн жашы жете элек балдарга мындай оюндарды ойноодо каржылык жоготуу коркунучу тууралуу айтып берүү зарылдыгына бурат.