Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын коомчулугуна жана калкына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 21-ноябры ПЖ № 380 жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерине, ошондой эле коммерциялык банктарга ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдары жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү тапшырылды.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" 2022-жылдын 30-декабрында № 725 токтому кабыл алынган, ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 276-VII токтому менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине ылайык ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүгө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, убактылуу тыюу салынган (мораторий):

1) кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик субъекттеринин арыздары боюнча;

3) башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;

4) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;

5) электр жана жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди түзүү жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;

6) бажы кызматы тарабынан бажы контролунда турган товарларга карата;

7) ташылып келүүчү, өндүрүлүүчү жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын, отундун сапатынын сакталышын көзөмөлдөө иретинде;

8) жер казынасын иликтөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери тарабынан мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо маселелери боюнча;

9) социалдык маанилүү товарларга бааларды жөнгө салуу маселелери боюнча;

10) санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандардан же уюмдардан даттануулар түшкөн учурларда гана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы тууралуу текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0 (312) 64-10-15 номерине же болбосо info@dpa.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылсаңыздар болот.