Агенттиктин кызматкерлери башка 70 мамлекеттик кызматкерлер менен бирге Санариптик туруктуулук боюнча квалификацияны жогорулатуу программасын аякташты. Ал бир нече курстардан турган: "Киберкоопсуздук", "Маалыматтын купуялыгы" жана "Операциялардын үзгүлтүксүздүгү жана операцияларды калыбына келтирүү".

“Жаңы технологияларды, санариптик көндүмдөрдү тынымсыз үйрөнүү жана билимге ээ болуу – бул мезгилдин талабы эмес, мамлекеттик кызматкердин кесиптик профилинин маанилүү компоненти”, - дейт Нурия Кутнаева. – Санариптик доордо өзгөрүү ылдамдыгы өтө чоң, билим тез эле эскирип калат. Заманбап маалыматтын агымында болуу санариптик эксперттерге жана өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча демилгелерди ишке ашыруучу мамлекеттик кызматкерлерге чукул муктаждык болуп саналат. Санариптештирүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана эмес, кыйынчылыктарды да алып келет. Эң башкысы, бул биздин жарандардын жеке маалыматтарын коргоого багытталган чакырыктар».

 Тренинг «Лидерлер санариптик туруктуулук» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Программа Борбордук Азия Университети (БАУ) тарабынан Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө ишке ашырылды.