ИИМдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери үчүн "Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды коргоонун мыйзамдык негиздери"темасында тренинг өткөрүлдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери ИИМдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери үчүн тренинг өткөрүштү. КР Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мыйзамдык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Клим Омельченко "Кыргыз Республикасында жеке маалыматтарды коргоонун мыйзамдык негиздери" темасында баяндама жасады. Эскерте кетсек, тренинг Агенттиктин ишмердүүлүк багыттарынын бири - маалыматтык-агартуу ишинин алкагында өткөрүлүп жатат.