Бүгүн Европа Биримдигинин тышкы кароо миссиясынын консультанттары менен жолугушууда, биз өз ишмердүүлүгүбүз тууралуу сөз кылып, анын ичинде купуялыкты сактоо генератору жана онлайн-чат тууралуу айтып бердик

Онлайн-чаттын максаты – жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү бузулууларга оперативдүү жооп кайтаруу болуп саналат. Онлайн-чат төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: https://online.dpa.gov.kg/.  

Сизде жеке маалыматтар боюнча суроолор барбы? Кат жазып отурбастан, тактап алууну каалайсызбы же жөн гана кызыктыңызбы? Анда бизде бул үчүн кайтарым байланыш формасынан сырткары, онлайн-чат дагы бар.  Онлайн-чатка төмөнкү дарек аркылуу кошулууга болот: https://online.dpa.gov.kg/