2023 жылы 3-апрелде  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен менен жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө мүмкүн боло турган кызматташтыкты талкуулоо үчүн жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө санариптик чөйрөгө байланыштуу коркунучтар жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калктын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле кибер мейкиндикте балдарды коргоо сыяктуу бир катар актуалдуу маселелер каралды. Агенттиктин алдындагы Окуу борборунун ролуна жана ишине өзгөчө көңүл бурулду. Бунун максаты жеке мүнөздөгү маалымат, санариптик гигиена, киберкоопсуздуктун негиздери, ошондой эле санариптик көндүмдөрдүн деңгээлин жогорулатуу.