2023-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылга карата иштин жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.
 Жыйынга КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү жана киберкоопсуздук тармагындагы көз карандысыз эксперттер чакырылган.
Коллегия 2022-жылдагы иштин жыйынтыгына арналды. Бул убакыттын ичинде Мамлекеттик агенттик тарабынан 11 ченемдик укуктук актылардын жана 4 жергиликтүү актынын долбоорлору демилгеленген, анын ичинен бирөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен, алты – токтом түрүндө жана эки – буйрук түрүндө КР Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган. 

 Эл аралык кызматташтыктын алкагында агенттик 40 эл аралык иш-чара өткөрдү. 2022-жылдын 17-мартында Агенттик мамлекеттик жана муниципалдык органдардан, ошондой эле бизнес-коомчулуктан 120дан ашык катышуучу катышкан «Data Privacy Day 2022» Эл аралык конференциясынын уюштуруучуларынын бири болгон.
Агенттиктин дагы бир жетишкендиги Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык Макулдашууну ишке ашыруунун алкагындагы бардык иш-чаралардын толук аяктагандыгы болду. Мунун аркасында Кыргыз Республикасы Евробиримдиктен 500 миң евро өлчөмүндө бюджеттик колдоо алды (2022-жылдын республикалык бюджетине которулган).


Мындан тышкары, Агенттик жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрин иштеп чыкты (шилтеме: 
https://dpa.gov.kg/ru/register). Бүгүнкү күндө Реестрде 411 кармоочу катталган.


 Ушул жылга Агенттик жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө маанилүү мыйзамдык демилгелерди иштеп чыгууну улантууну, ошондой эле санариптик багыттарда квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүүчү Окуу борборунун ишин активдештирүүнү пландаштырууда. Жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарды сактоо үчүн мамлекеттик органдарда IT-аудитин жүргүзүү да пландаштырылууда.