Аймактарда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды коргоо боюнча окуудан өтүп жатышат  Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери, облустардагы администрациянын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнө окуу өткөрүп жатышат.  Тренинг 29-майдан 31-майга чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жеке маалыматтар менен иштөө маселелери боюнча жүргүзүлүүдө. Тренингде электрондук даректерди коргоо, купуялуулук саясаты, маалыматтардын сыртка чыгып кетиши жана күчтүү сырсөздөрдү кантип түзүү керектиги тууралуу маалымат айтылды. Спикерлердин бири, Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков белгилеп кеткендей - «Бүгүнкү күндө санариптик сабаттуулук биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ар бир адамдын электрондук дареги, социалдык тармактары жана башка санариптик тиркемелери бар. Биздин жеке маалыматтарыбыз ишенимдүү корголушу керек». Жалпылап алганда, үч облустан 150дөн ашык жергиликтүү администрациянын кызматкерлери окуудан өтүштү. 

Эске салсак, тренинг Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы 2023-жылга карата кызматташуу планынын алкагында өткөрүлүүдө.