Агенттиктин мамлекеттик органдар тарабынан жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестрин толтуруу боюнча онлайн тренингдерине 43 мамлекеттик органдын 75 мамлекеттик кызматчысы катышты. Тренингдер агенттиктин түшүндүрүү иштеринин алкагында өткөрүлдү.

Тренингдин катышуучулары жеке маалыматтар боюнча билимдерди, ошондой эле практикалык көндүмдөрдү жана Реестрди толтуруу боюнча кадамдык нускамаларды алышты.

Эске салсак, Реестр – бул жарандардын жеке маалыматтарын кайсы уюмдар чогултуп, аларды каякка өткөрүп жатканын көрсөткөн бирдиктүү мамлекеттик эсепке алуу системасы. Реестр тууралуу кененирээк маалымат - https://dpa.gov.kg/ky/question/11  

Реестрди толтуруунун максаты - жеке маалыматтарды чогултуунун жана өткөрүп берүүнүн ачык-айкындуулугу: жарандар кайсы жеке маалыматтар конкреттүү уюм тарабынан суралып жатканын жана кандай жеке маалыматтар жеке маалыматтардын башка кармоочуларына жана  иштеп берүүчүлөрүнө өткөрүлүп берилгенин билиши керек. Жарандын макулдугусуз ашыкча жеке маалыматтарды суроого жана аларды мыйзамсыз берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынат