12-июндан 16-июнга чейин CSI Piemonte (Италия) делегациясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик үчүн киберкоопсуздук жана маалыматтарды коргоо боюнча тренингдерди өткөрдү.
 Үч күндүк окууга Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Улуттук банктын адистери да катышты.

Тренингдин катышуучуларына Европа өлкөлөрүндөгү маалыматтардын сыртка чыгып кетиши, кибер чабуулдар жана жеке маалыматтарды коргоо, жумушта жана үйдө колдонулган гаджеттерди коргоо боюнча ыкмаларын жана мисалдарын айтып беришти.
Эске салсак, Италиядан келген эксперттердин иш сапары «Кыргызстандагы санариптик программасын колдоо» Twinning-Кыргызстан долбоорунун алкагында уюштурулду.