КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте Юстиция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана "Инфоком" мамлекеттик ишканансынын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык жыйын өттү.
 Кеңешмеде юридикалык жактарды жеке маалыматтар массивин кармоочулардын реестрине каттоодогу көйгөйлөр, министрликтер менен ведомстволордун маалыматтык системаларын толтуруу менен байланышкан маселелер (кош ИНН ыйгаруу, "Юридикалык жактардын мамлекеттик реестри" мамлекеттик системасындагы дарек, облус ж.б. сыяктуу милдеттүү тилкелердин толтурулбашы, булуттук кол тамгаларын берүү) жана башка көйгөйлөр талкууланды.
 Агенттиктин директору Нурия Кутнаева төмөнкү көйгөйлөр тууралуу айтып берди. "Мыйзам боюнча бардык юридикалык жактар реестрде каттоодон өтүшү керек. Бирок аларда ИНН менен көйгөйлөр бар (1 уюмга кош ИНН же бир ИНН менен 2 уюм катталган), аймактар, көчөлөр жана башка маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Булуттук электрондук кол тамганы алууда да көйгөйлөр бар. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз чогуу иштешибиз керек", - деди Н. Кутнаева.
 Өз кезегинде Юстиция министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей юридикалык жактардын ИНН боюнча суроолору пайда болсо, маалыматты өзгөртүү өтүнүчү менен алардын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга тийиш экендигин билдиришти.
 Жыйынтыгында, юридикалык жактардын көйгөйлүү маселелери боюнча Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы ортосунда ыкчам өз ара аракеттенүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.
 
 Эске салсак, Реестрде каттоодон өтүү жеке маалыматтар менен иштеген бардык юридикалык жактар үчүн зарыл.