Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздүү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык жеке маалыматтардын массивинин кармоочусу (ээси) төмөнкүлөргө милдеттүү: 

а) жеке маалыматтарды жеке маалымат субъектинин өзүнөн, анын ишенимдүү адамдарынан түздөн-түз алууга;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыз кылууга;

в) кармоочу (ээси) өз алдынча өзүнө иштеп чыгуучунун иш милдеттерин жана милдеттерин алган учурду кошпогондо жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жөнгө салган уюштуруучулук чараларды жана техникалык коопсуздук чараларына карата кепилге алган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн иштеп чыгуучуну аныктоого;

г) жеке маалыматтардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн, ошондой эле ченемдик тартипте белгиленген жеке маалыматтарга жетүү режимин камсыз кылууга;

д) субъекттен суроо-талап түшкөн учурдан тартып бир жуманын ичинде жеке маалыматтарды берүүгө;

ж) субъектке ал жөнүндө жеке маалыматтын болушу, ошондой эле жеке маалыматтын өзү тууралуу маалыматты анын талабы боюнча берүүдөн баш тартылган учурда, жазуу түрүндө жүйөөлүү жооп берилиши керек, ал ушул Мыйзамдын 15-статьясынын тийиштүү пунктун көргөзүп, субъект кайрылгандан бир жума өтпөгөн мөөнөттү берилүүгө тийиш;

з) ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органынын же Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) суроо-талабы боюнча бир жумалык мөөнөттө алардын ыйгарым укугун аткарууга зарыл болгон маалыматтарды көрсөтүүгө.

Кызматтык абалы аркылуу жеке маалыматтарга ээ болгон адамдар ал жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти жана милдеттерди өздөрүңө алышат. Мындай милдеттенмелер ал адамдардын кызматтан кеткенден кийин да купуялуулук режимин сактоо мөөнөтүнүн ичинде ушул Мыйзамдын 6-статьясына ылайык күчүн жоготпойт