Жеке адамдардын (жарандардын, кызматкерлердин, кардарлардын, абоненттердин ж.б.) жеке маалыматтары жөнүндө жалпы маалыматка ээ болгон ар кандай уюм (мамлекеттик, жеке) жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) болуп саналат.

"Жеке мүнөздүү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.

«Жеке мүнөздүү маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык, Агенттикке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары менен текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдукту жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктары берилген. 

Текшерүүлөрдүн биринчи кезектеги тобуна жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузуу фактылары катталган уюмдар кирет. 

Мамлекеттик органдар үчүн

Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке маалыматтар массивдерин кармоочулары (ээлери) менен Агенттик тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү процессин жөнгө салуу, анын ичинде мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү жана ачык-айкындуулуктун атмосферасын түзүү максатында Агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келип түшкөн жеке маалыматтардын пайдаланылышын контролдоо жөнүндө» токтомунун долбоорун иштеп чыкты.

Учурда долбоор Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу процедурасынан өтүп жатат.

Коммерциялык уюмдар үчүн

Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу орган өзүнүн компетенциясына кирген чөйрөдө ишкердик ишти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасына баа берилүүчү критерийлерди иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Буга байланыштуу, Агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2012-жылдын 18 февралындагы №108 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Долбоор «Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы No 760 токтому менен бекитилген жеке маалыматтардын коопсуздугунун белгиленген деңгээлдерин ишке ашырууну камсыз кылган системалар боюнча талаптарды эске алуу менен иштелип чыккан.

Учурда долбоор коомдук талкуудан жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп жатат.