Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жарандар мыйзамдуу түрдө мамлекеттик, муниципалдык же коммерциялык уюмдар (жеке маалыматтар массивдеринин ээлери) тарабынан жарандын жеке маалыматтары кандай чогуларын, кандай иштетилерин, сактай тургандыгын билүүгө укугу бар.

Жеке маалыматтарды берүүгө макулдук берүү же андан баш тартуу укугу

«Жеке мүнөздөгу маалымат жөнүндө» мыйзамга ылайык, жеке маалыматтардын субъекти өзүнүн жеке маалыматтарынын кайсынысын болбосун кимдир-бирөө менен камсыз кылууну өз алдынча чечет жана аларды эркин, аң-сезимдүү формада иштетүүгө макул болот, ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган учурлардан тышкары.

Субъект өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн маалыматтарды, ошондой эле алардын өзгөртүүлөрү жөнүндө маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына, өз компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар менен иштөөгө укугу бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет.

Өзүнүн жеке маалыматтарын берүүдөн мурда субъект жеке маалыматтардын массивинин ээсине (кармоочуга) чогултулган маалыматтардын тизмеси, аларды чогултуунун жана пайдалануунун негиздери жана максаттары, жеке маалыматтарды үчүнчү жакка өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү менен таанышышы керек, жана ошондой эле жеке маалыматтардын башка мүмкүн болгон пайдаланылышы жөнүндө маалымдалышы керек.

Жеке маалыматтардын субъекти өзүнүн маалыматтарын берүүдөн баш тартканда, баш тартуунун себептерин көрсөтпөөгө укуктуу.

Жетүү укугу

Жеке маалыматтардын субъекти өзүнө тиешелүү жеке маалыматтары бар экендигин билүүгө жана аларга жетүүгө укуктуу. Озүнө тийиштүү жеке маалыматтарды кармоочудан (ээсинен) анын жеке маалыматтарын иштетүү тууралуу маалыматтарды, анын ичинде төмөнкүлөр камтылган маалыматтарды алууга укугу бар:

а) жеке маалыматтардын массивин кармоочудан (ээсинен) жеке маалыматтардын иштетилгендиги фактысын далилдеп берүүсүн;

б) жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздерин жана максаттарын;

в) максаттарын жана жеке маалыматтардын массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды иштетүүдө колдонгон ыкмаларды;

г) жеке маалыматтардын массивин кармоочунун (ээсинин) аталышы жана жайгашкан жери, жеке маалыматтарга жетүүгө укугу бар же болбосо жеке маалыматтардын массивин кармоочу (ээси) менен болгон келишимдин жана мыйзамдын негизинде жеке маалыматтар берилиши мүмкүн болгон адамдар (кармоочунун (ээсинин) кызматкерлерин эсептебегенде) тууралуу маалыматтар;

д) жеке маалыматтардын субъектине караштуу иштетилип жаткан жеке маалыматтар, аларды алуучу булак;

е) жеке маалыматтарды иштетүү мөөнөтү, аны менен катар аларды сактоо мөөнөтү;

ж) жеке маалыматтардын субъекти тарабынан ушул Мыйзамда каралган өз укуктарын ишке ашыруу тартиби;

з) жеке маалыматтардын трансчекара аркылуу өткөрүлүп берилгендиги же жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар;

и) ушул Мыйзамда жана (же) башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар.

    Субъект өзүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча жеке маалыматтар массивинин ээсинен өзү жөнүндө бардык маалыматты акысыз ала алат, маалымат кармоочу тарабынан материалдык алып жүрүүчүдө (кагаз, дискета, флэш-карта ж.б.) берилгенден башка учурларда. 

Жеке маалыматтардын жана жеке маалыматтардын бар экендиги жөнүндө маалымат жеке маалыматтар субъектинин суроо-талабын алгандан кийин 7 күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

Жеке маалыматтардын субъекти ал жөнүндө жеке маалыматтарды камтыган документтер менен таанышууга укуктуу.

Жетүү укугу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн.

Өзгөртүү киргизүү укугу

Тийиштүү документтер менен ырасталган негиздүү учурда жеке маалымат субъекти ошол маалыматты кармоочудан (ээсинен) өзүнүн жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга укуктуу. Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөр ушул Мыйзамдын 28-статьясында белгиленген тартипте киргизилет..

Жабуу укугу

Эгерде жеке маалыматтар субъекти өзүнүн жеке маалыматтарынын ишенимдүү эместигин аныктаса же ошол маалыматка тиешелүү аракетти укуксуз деп талашса, ал кармоочудан (ээсинен) ошол маалыматтарды жаап салуу талабын коюуга укугу бар.

Кармоочу (ээси) субъекттин арызын кабыл алууга, иштеп чыгууга жана анын жеке маалыматтарын ал келип түшкөн учурдан тартып арызды текшерүү мезгилинде жабууга милдеттүү.

Апелляцияга берүү укугу

Эгерде жеке маалымат субъекти өзүнө байланыштуу жеке маалыматтарга укуксуз аракет жасалган деп эсептесе, ал ошол аракеттерге соттук тартипте даттанууга укугу бар.

Чыгашанын ордун толтуруу жана (же) моралдык зыян тартышын компенсациялоо

Жеке маалымат субъекти соттук тартипте чыгашанын ордун толтурууга жана моралдык зыян тартышын компенсациялоого укугу бар.