Эгерде сиз жеке маалыматтарыңызга болгон укуктарыңыз бузулду деп ойлосоңуз, төмөнкү аракеттерди жасасаңыз болот:

1.    Сиздин жеке маалыматтарыңыздын ээси же иштетүүчүсүнүн күнөөсү менен укуктарыңыз бузулган болсо, алар менен түздөн-түз байланыша аласыз.

Жаран жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча жеке маалыматтар массивинин ээсинен өзү жөнүндө бардык маалыматты акысыз ала алат, маалымат кармоочу тарабынан материалдык алып жүрүүчүдө (кагаз, дискета, флэш-диск ж.б.у.с.) берилгенден башка учурларда.

Жеке маалыматтардын жана жеке маалыматтардын бар экендиги жөнүндө маалымат жеке маалыматтар субъектинин суроо-талабын алгандан кийин 7 күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

Жеке маалыматтардын субъекти ал жөнүндө жеке маалыматтарды камтыган документтер менен таанышууга укуктуу.

Жетүү укугу Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинде каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн.

2.    Эгерде сиздин аракеттериңизден майнап чыкпаса жана сиздин укуктарыңыз да бузулса, анда мыйзам бузуу фактыларын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик Агенттигине кайрылсаңыз болот, ал эми эгерде алар тастыкталса, Агенттик тиешелүү чараларды көрөт.

3.    Сиз ошондой эле жеке маалыматтарыңыздын ээсинин же иштетүүчүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине сотко кайрыла аласыз.