Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү  бирдикте таланттуу жана чыгармачыл жаштарды өз командасына төмөнкү багыттар боюнча акы төлөнүүчү стажировкага чакырат:

IT чөйрөсүндө: "Киберкоопсуздук", "Система администратору", "Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу", "Бизнес- талдоочу";

Юриспруденция чөйрөсүндө: "Санариптик укук";

Маркетинг чөйрөсүндө: SMM-адис.

Агенттиктин стажировка боюнча  программасы студенттерге Агенттиктин бөлүмдөрүндө практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет:

-Жеке маалыматтарды иштеп чыгууну коргоону жана контролдоону камсыз кылуу бөлүмү;

-Жеке маалыматтарды коргоонун мыйзамдык экспертиза бөлүмү.

Төлөм-айына 200 евро.

Биздин командага кошулуу менен, Сиз төмөнкү жөндөмдөрдү ала аласыз:

1. Жеке маалыматтарды коргоо жаатында уникалдуу иш тажрыйбасы, 

2.Баалуу жумуш  көндүмдөрүн

3.Көп көлөмдөгү маалымат менен көп баскычтуу ритмде иштей билүү;


Эгерде Сиз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте стажировкадан өтүүнү кааласаңыз, анда сиз төмөнкү талаптарга жооп беришиңиз керек:

-2022-2021-2020-2019-жылдары "Киберкоопсуздук", "Система администратору", "Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу", "Бизнес-талдоочу" жана "Санариптик укук" (же аталган адистиктер менен чектеш) багыттары боюнча бакалавр даражасын бүтүрүүчүсү болуу;

-Университеттин акыркы курстарынын студенттери "Киберкоопсуздук" багыты боюнча тапшыра алышат;

-Кыргыз Республикасынын жараны  болуу;

Киберкоопсуздук, система администратор, программалоо же Юриспруденция, SMM-маркетинг чөйрөсүндөгү сертификаттары бар жана ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматты коргоого байланыштуу мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен иштей билүүчү  талапкерлерде кошумча артыкчылыктар болот;

Демилгелүү, стандарттуу эмес маселелерди чечүүдө чыгармачылык, аткаруучулук, чечкиндүүлүк, командада иштөө жөндөмү сыяктуу инсандык сапаттарга ээ болуу.

Стажировканын башталышы талапкерлер тандалып алынган сайын пландаштырылууда.

Орундардын саны чектелүү.

Сынакка катышуу үчүн Агенттиктин электрондук дарегине (info@dpa.gov.kg) өзүңүздүн резюмеңизди жана кайсы тармакта (“Киберкоопсуздук”, “Системалык администратор”, “Иштеп чыгуучу”, “Бизнес аналитик”, “ SMM адиси» же «Санариптик укук») стажировкадан өтүүнү каалай турганыңызды көрсөтүү менен кыска коштомо кат жазып жөнөтүү керек, Теманын графасында Стажировкадан өтүү көрсөтүү керек.

Агенттиктин иши тууралуу толук маалыматты https://dpa.gov.kg сайтыбыздан жана Facebook жана Instagram баракчаларыбыздан - dpa.gov.kg көрө аласыз.


Сизди биздин командада көрүүгө кубанычтабыз!