2022-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы кибермейкиндикте балдардын жеке маалыматтарын коргоо темасында тегерек стол болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги жана Темир Жумакадыров атындагы «ПроЛекс» коомдук фонду менен биргеликте Сорос Кыргызстан Фондунун колдоосу менен уюштурган.

Тегерек стол интернеттеги балдар үчүн киберкоопсуздук жана интернет коркунучтарын талкуулоо, ошондой эле балдардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча эл аралык тажрыйбаны көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Спикирлер жана катышуучулар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, төмөнкү суроолорду талкуулашты:

  • Интернетте балдарды жана өспүрүмдөрдү кандай коркунучтар күтүп турат?
  • Балдардын жардамы менен алдамчылыктын кандай түрлөрү көбөйүүдө?
  • Балдарыңыздын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жайгаштырышыңыз керекпи?
  • Мамлекет эмнеге көңүл бурушу керек?
  • Чет элдик кесиптештер кандай мыкты тажрыйбаларды иштеп чыгышты?
  • Кыргызстанда кибермейкиндикте балдардын жеке маалыматтарын коргоо жаатында эмне болуп жатат?

Спикирлер өз сөзүндө балдардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасы, жашы жете электердин жеке маалымат жаатындагы коркунучу жана укуктары жөнүндө айтып, практикалык учурлар менен бөлүшүштү.


Төмөндө спикерлердин презентациялары менен тааныша аласыздар.