КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2023-жылдын 22-марты № 158

Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө

Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү максатында, "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2024-жылдан баштап текшерүүлөр планына киргизилет деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров







Тиркеме



(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2023-жылдын 22-мартындагы
 N 158 токтомуна)

Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө
 ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, укук коргоо органдарынын жана укуктук режими "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген изин суутпай издөө, чалгындоо жана контрчалгындоо ишин жүзөгө ашырган, расмий статистика жүргүзгөн органдардын ишинин натыйжасында алынган жеке маалыматтарды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүүнүн жана аны уюштуруунун тартибин белгилейт.

2. Жеке маалыматтардын пайдаланылышын контролдоо жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзгөн жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана жүргүзүлүүчү контролдук иш-аракеттердин көлөмүндө "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо белгиленген укуктарды пайдаланат.

2. Контролдонуучу объекттер

4. Ушул ченемдик укуктук актынын алкагында контролдонуучу объекттер болуп төмөнкүлөр саналат:

- автоматташтыруу каражаттарын жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу жеке маалыматтар массивин кармоочулардын (ээлеринин) жана кармоочулардын тапшырмасы боюнча аракеттенген жана жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук уюмдары болуп саналган иштеп чыгуучулардын (мындан ары - контролдонуучу объекттер) иши жана ишинин натыйжалары;

- жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча жеке маалыматтар массивин кармоочулардын (ээлеринин) документтерин жана жергиликтүү актыларын иштеп чыгуу боюнча иштин натыйжалары.

5. Жеке маалыматтар массивин кармоочуларды (ээлерин) эсепке алуу "Жеке маалыматтар массивин кармоочулардын (ээлеринин) реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - Реестр) жүргүзүү аркылуу камсыз кылынат.

3. Жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу

6. Контролдонуучу жактар тарабынан жеке маалыматтардын иштеп чыгарылышына контроль жүргүзүүнүн натыйжалары иш-чаралардын төмөнкүдөй түрлөрү болушу мүмкүн:

1) консультация берүү;

2) талаш маселелер боюнча сунуштамаларды берүү;

3) жазма буйрукту жөнөтүү;

4) эскертүү берүү;

5) юридикалык баа берүү үчүн текшерүү материалдарын укук коргоо органдарына жөнөтүү.

7. Консультация берүү контролдонуучу объекттердин жана алардын өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуулары боюнча телефон аркылуу, видео-конференц-байланыш аркылуу, жеке кабыл алууда жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

8. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү маселелер боюнча консультацияларды берет:

- жеке маалыматтарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө милдеттүү талаптардын болушу жана мазмуну;

- контролдук иш-чараларды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү жана тартиби;

- жеке маалыматтарды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү милдеттүү талаптарды аткаруу тартиби;

- контролдонуучу объектке контролдук иш-чаранын натыйжалары боюнча берилген жазма буйрукту аткаруу;

- жеке мүнөздөгү маалымат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укук колдонуу практикасында пайда болгон маселелер боюнча.

9. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке маалыматтарды иштеп чыгууда, сактоодо жана берүүдө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда пайда болгон талаш маселелер боюнча сунуштамаларды берет, анын ичинде алардын натыйжалары боюнча жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде талаш маселелерди чечүү боюнча сунуштамаларды камтуу менен кеңешменин протоколу даярдалган бардык позицияларды жана жагдайларды карап чыгуу менен кеңешмелер түрүндө электрондук башкаруу элементтерин пайдалануу аркылуу берет.

10. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү талаптарды бузуулар бар экендиги же даярдалып жаткандыгы же милдеттүү талаптарды бузуулардын белгилери жөнүндө маалыматтар болгон учурда, потенциалдуу бузуучуга милдеттүү талаптарды бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү берилет, анда контролдоо объектине "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунушталат.

11. "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын милдеттүү талаптарын бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүүдө контролдонуучу объект тарабынан бузулган Мыйзамдын беренелерине шилтеме кылуу менен милдеттүү талаптар, ошондой эле кандай аракеттер милдеттүү талаптарды бузууга алып келиши мүмкүн же алып келе тургандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт, ошондой эле бул талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуш киргизилет.

12. Жазма буйрукту жөнөтүү пландык иш-чаралардын жүрүшүндө контролдонуучу объекттер тарабынан жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын контролдоонун жүрүшүндө, ошондой эле алар менен өз ара аракеттенүүсүз жүзөгө ашырылат.

4. Контролдонуучу объекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүү

13. Контролдонуучу объекттерди текшерүү пландык жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

14. Пландык текшерүүлөр кезектеги календардык жылга пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү планынын негизинде жүргүзүлөт.

Кезектеги календардык жылга текшерүүлөрдүн планы жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жылдын 1-декабрынан кечиктирилбестен жарыяланат, ал аркылуу контролдонуучу объекттерди текшерүүлөр планы ишке ашырылат.

15. Пландык текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) тарабынан "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышына, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарга ылайык экендигине контроль жүргүзөт.

16. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзам бузуулардын далилдерин белгилөө үчүн фотосүрөткө тартууну, аудио жана видеожазууну пайдаланышы мүмкүн, жеке компьютерлер, ноутбуктар, алып салынуучу электрондук маалымат алып жүрүүчүлөр, көчүрмө аппараттар, сканерлер, уюлдук телефондор, өлчөөнүн жана белгилөөнүн механикалык, программалык жана электрондук каражаттары колдонулушу мүмкүн.

Фотосүрөт тартуунун, аудио жана видеожазуунун, техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленген милдеттүү талаптардын аныкталган бузууларынын далилдери жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусуна тиркеме болуп таризделет.

17. Жеке маалыматтар массивин кармоочуларга текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдонуучу объекттин кызматкерлери, жетекчилери, иштеп чыгуучулары жана үчүнчү жактары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан методикалар боюнча контролдонуучу объекттердин документтери изилденет, маалыматтык системаларына тестирлөө жүргүзүлөт.

18. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык документтерге жана жабдууларга жетүүгө, ошондой эле жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого тиешеси бар жайларга алдын ала жана кошумча уруксатсыз жана макулдашуусуз кирүүгө укуктуу.

Контролдонуучу объекттин кызматкерлери жана жетекчилиги жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тоскоолдук кылууга укуксуз.

19. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча корутунду даярдалат, ал текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюу үчүн контролдонуучу жакка киргизилген жазма буйрукту, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды камтыйт.

20. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө контролдонуучу жактын кызмат адамдарын же жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерин коррупциялык кылмыштарга түртүү фактылары аныкталган учурда, бардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

5. Контролдонуучу объект менен өз ара аракеттенүүсүз мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жана жүргүзүү

21. Агенттик жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузууларды алдын алуу, аныктоо, божомолдоо жана бөгөт коюу максатында контролдонуучу объект менен өз ара аракеттенүүсүз мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт.

22. Мындай мониторинг жарандардын кайрылууларын, интернет тармагында жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарды, социалдык тармактарда жеке мүнөздөгү маалыматтарга байланышкан талкуулануучу инциденттерди ж.б. изилдөө аркылуу жүргүзүлөт.

23. Контролдонуучу объект менен өз ара аракеттенүүсүз мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:

- жеке мүнөздөгү маалыматтарды интернет тармагына жайгаштырууда талаптардын сакталышына байкоо жүргүзүү;

- контролдонуучу объекттин иши жөнүндө маалыматты талдоо, ошондой эле контролдонуучу объект тарабынан жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бериле турган, анын ичинде Реестрдеги маалыматты талдоо аркылуу талаптардын сакталышына байкоо жүргүзүү;

- жеке мүнөздөгү маалымат менен байланышкан массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда контролдонуучу объекттин активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү;

- контролдонуучу жакка карата жеке маалыматтар субъектинен келип түшкөн кайрылууларды изилдөө.

24. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жазма буйрук түрүндө таризделет, ал жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоо менен же болбосо мыйзамдардын талаптарын бузуунун аныкталган белгилеринин маңызы боюнча жүйөлүү каршы пикирлерди берүү менен 5 жумуш күндүн ичинде жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу фактыларын жокко чыгаруу жөнүндө талаптарды камтыйт.

25. Контролдоо объекти менен өз ара аракеттенүүсүз мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жеке мүнөздөгү маалымат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга себеп болгон бардык жагдайларды тактоо максатында контролдонуучу объектке карата пландан тышкары текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

26. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан суроо-талап, мөөнөттөрүн көрсөтүү менен бузууларды четтетүү жөнүндө талаптар баяндалган жазма буйрук даярдалат.

27. Жазма буйруктун мазмуну аныкталган бузуулардын жагдайларына жана алардын коомдук коркунучтуулук даражасына жана жеке маалыматтардын ээлерине келтирилген зыянга жараша болот.

28. Эгерде жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин), иштеп чыгуучунун аракеттеринде жеке мүнөздөгү маалымат жаатында кылмыштын курамынын же укук бузуунун белгилери аныкталган учурларда, жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштин бардык материалдарын укук коргоо органдарынын кароосуна өткөрүп берет.

29. Контролдонуучу объект контролдук иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө анын компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана келип түшүүчү жазма буйрукту жана корутундуну аткарууга милдеттүү.