2025-жылдын 28-январында жеке маалыматтарды коргоо, маалыматка жетүү жана жеке турмушту коргоо укугунун ортосундагы балансты издөөгө арналган эл аралык конференция болуп өттү. Бул иш-чара ар кайсы өлкөлөрдүн жетекчи эксперттерин, мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрүн чогултуп, жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык күнгө карата уюштурулду.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков катышты. Өз сөзүндө ал жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү демилгелер, мыйзамдык өзгөрүүлөр жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө айтып берди.
Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык стандарттарын сактоону, өлкөлөр арасында тажрыйба алмашууну жана киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн мамлекеттик түзүмдөрдүн бизнес менен өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты. Бизнестин жана колдонуучулардын кызыкчылыктарынын ортосундагы балансты издөөгө жана маалыматтарды коргоонун корпоративдик практикаларынын натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Маалыматты өлкө ичинде сактоо маселеси да талкууланды: көп мамлекеттер өз юрисдикциясынын ичинде маалыматтарды сактоого умтулушат, бул санариптик доордогу чек аралык маалымат алмашууну чектейт.
Бул конференцияга катышуу өлкөнүн жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык стандарттарына багытталгандыгын жана санариптик доорго жаңы чакырыктарга туруштук берүү аракетин белгилейт.
Иш чаранын уюштуруучулары Eurasian Digital Foundation, RKS Global и CyberHUB-AM.