2025-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте TSARKA Kyrgyzstan (Киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борбору) уюмунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун алкагында тездик менен санариптештирүү шартында жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар тажрыйба алмашуу, туруктуу өз ара аракеттенүү каналдарын түзүү, ошондой эле персоналдык маалыматтардын агып кетишине жана санкцияланбаган жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу инциденттерге биргелешип чара көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

«Санариптик технологиялардын өнүгүшү жана мамлекеттик башкаруунун санариптик моделине өтүү менен персоналдык маалыматтардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу маселеси барган сайын актуалдуу болууда», — деп белгиледи Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Усенов.

TSARKA Kyrgyzstan уюмунун өкүлдөрү учурдагы киберкоркунучтар боюнча маалымат беришип, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо укуктарын камсыз кылуу максатында санариптик сервистерди өнүктүрүү боюнча практикалык чараларды сунушташты.

«Биз кызматташууга ачыкпыз жана жеке маалыматтарды коргоонун эффективдүү механизмдерин өнүктүрүү үчүн өзүбүздүн практикалык тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Биргелешкен аракеттерибиз коопсуз жана ишенимдүү санариптик чөйрөнү калыптандыруунун негизи болуп каларына ишенем», — деп белгиледи TSARKA Kyrgyzstan уюмунун негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директору Дастан Омуралиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти жана маалыматтык коопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы адистердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашышты.