Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке маалыматтарды иштетүүнү камсыз кылуу максатында, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ири жеке лабораторияларда жана клиникалык-диагностикалык борборлордо текшерүүлөрдү жүргүздү.

Жыл башынан бери жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 17 медициналык мекемедеги жеке маалыматтарды иштетүү процесстери “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ага байланыштуу ченемдик укуктук актыларга ылайыктыгы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым мекемелерде жеке маалыматтарды коргоо боюнча жетиштүү чаралардын жоктугуна байланыштуу төмөнкүдөй типтүү кемчиликтер катталды:

• Маалыматтарды иштеп чыгууда укуктардын так чектелбегендиги; 

•  Жеке маалыматтарды иштетүүнү жана коргоону уюштуруу үчүн жооптуу кызмат адамынын так аныкталбагандыгы; 

• Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүнүн бекитилбегендиги же мөөнөтүнөн көп сакталышы; 

•  Жеке маалыматтардын субъекттеринин макулдуктарынын формаларынын жана мазмунунун мыйзам талаптарына дал келбегендиги, анын ичинде маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө; 

•  Жеке маалыматтардын коопсуздугуна болгон актуалдуу коркунучтардын тизмесинин жоктугу; 

•  Жеке маалыматтарды иштетүү саясатынын бекитилбегендиги же жоктугу; 

• Маалыматтык системалардын корголушунун деңгээлинин так аныкталбагандыгы; 

• Жеке маалыматтар менен болгон аракеттерди каттоо (логирлөө) механизмдеринин жетишсиздиги.

Мамлекеттик агенттик аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү жазма буйруктарды берди. Айрымдары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча чараларды көрүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга кароого өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, медициналык уюмдардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери менен жеке маалыматтар жаатындагы мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жеке маалыматтарды иштетүүчү субъекттердин жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоонун укуктук механизмдерин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендигин, өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2025-жылдын 19-майындагы № 95 Мыйзамы менен бекитилгендигин белгилей кетүү зарыл.

Мамлекеттик агенттик жеке маалыматтарды иштеткен бардык уюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоого чакырат. Жеке маалыматтардын купуялуулугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү, бардык ченемдик актыларга ылайыктыгын кепилдикке алуу, ошондой эле маалыматтарды иштетүү жол-жоболорунун мыйзамдуулугун жана ачыктыгын камсыздоо зарыл.