2025-жылдын 26-майында жеке маалыматтарды коргоого арналган тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты — санариптик коопсуздук жаатындагы актуалдуу чакырыктарды талкуулоо жана жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу.

Тегерек столдун ишине мамлекеттик органдардын, эксперттик жана илимий коомчулуктун, IT-сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Усенов Алмазбек Жумабекович ачып, өз сөзүндө: “Биздин милдетибиз — жеке маалыматтарды коргоо гана эмес, коомдо санариптик маданиятты калыптандыруу. Бүгүнкү диалог — бул технологиялар адамга кызмат кылган, тескерисинче эмес, системаны курууга жасалган маанилүү кадам. Биз ар бир оператор — мамлекеттик болобу же жеке менчик болобу — жарандардын маалыматтары үчүн өз жоопкерчилигинин деңгээлин түшүнгөндүгүн камсыз кылышыбыз керек”. Өз сөзүндө директор Агенттиктин стратегиялык артыкчылыктарын да белгиледи: “Алдыдагы максатыбыз - техникалык жана укуктук ыкмаларды айкалыштыруу аркылуу коопсуздуктун комплекстүү системасын түзүү, жеке маалыматтарды кармоочулардын толук каттоосун жүргүзүү жана түшүндүрүү иштерин кеңейтүү”,-деп белгиледи.

Тегерек столдун катышуучулары жеке маалыматтарды иштетүүнүн бирдиктүү ыкмаларын түзүү зарылдыгын, санариптик инфраструктуранын коркунучтарга туруктуулугун, жарандардын укуктук жактан корголушун жана профилдик адистерди даярдоо зарылдыгын талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мындан аркы ведомстволор аралык кызматташуунун жана үзгүлтүксүз эксперттик пикир алмашуунун зарылдыгы баса белгиленди.