Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке

маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин жана

кызматкерлеринин атынан мессенджерлер, тактап айтканда, WhatsApp аркылуу

таратылып жаткан фейк (жалган) билдирүүлөрдүн аныкталган фактылары жөнүндө

маалымдайт.

Көрсөтүлгөн билдирүүлөр алдамчылык максатын көздөгөн үчүнчү жактар

тарабынан жөнөтүлүүдө жана Агенттиктин ишмердүүлүгүнө тиешеси жок.

Агенттик WhatsApp мессенджери аркылуу, ошондой эле башка расмий эмес

байланыш каналдары аркылуу жарандар менен кызматтык кат алышпай турганын

жана расмий билдирүүлөрдү жөнөтпөй турганын эске салат.

Ушуга байланыштуу Агенттик жарандарды, ошондой эле мамлекеттик

органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн:

- сак болууга жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө;

- жеке маалыматтарды, документтердин реквизиттерин, ырастоо коддорун,

логиндерди жана сырсөздөрдү бербөөгө;

- шектүү шилтемелер боюнча өтпөөгө жана мындай билдирүүлөрдө

камтылган өтүнүчтөрдү аткарбоого чакырат.

Мындай шектүү мүнөздөгү билдирүүлөрдү келген учурда маалыматты

тактоо үчүн Агенттикке +996 997 950 850, +996 998 950 350 номерлери боюнча

кайрылууну, ошондой эле алдамчылык фактысы жөнүндө укук коргоо органдарына

токтоосуз билдирүү керектигин белгилейт.