Жакында Агенттиктин жетекчилиги менен жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык эксперттердин: Йоханна Ярвинен (Финляндия), Татьяна Гувина (Италия) жана Twinning  боюнча туруктуу кеңешчи Тынис Мэе (Эстония) жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасындагы жеке маалыматтарды коргоо» компоненти боюнча Twinning  долбоорунун ишинин аралык жыйынтыктары жана 2023-жылга карата иш-аракеттердин келечеги талкууланды.

Демилгенин натыйжасы жеке маалыматтарды коргоо боюнча потенциалды жана күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашуу болду.

Twinning долбоору “Кыргызстанда санариптештирүүнү колдоо”. Долбоор Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер – Эстония (eGA), Финляндия (HAUS) жана Италия (CSI-Piemonte) консорциумунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда.