21-22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлен Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо  боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти үчүн эки күндүк тренинг өткөрдү. Тренинг «Жеке маалыматтарды коргоо: мамлекеттик органдар үчүн практикалык сунуштар» темасында өттү. Тренинг мамлекеттик кызматкерлердин жеке маалыматтарды коргоо жаатында маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.Агенттиктин кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн тренингдин алкагында жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдар, жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү эрежелери, жеке маалыматтарды жүгүртүүнүн жашоо цикли, ошондой эле жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды   жана ээсиздендирүү маселелери сыяктуу темалар талкууланды. Тренингдин практикалык бөлүгүндө жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүнүн негиздүүлүгү боюнча кейс-маселелери каралды. 

Маалыматтык-агартуу иш-чаралары Агенттиктин иш багыттарынын бири экендигин эскертебиз.