Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилери менен Twinning боюнча команданын туруктуу кеңешчиси Тынис Мяэ (Эстония) жана эл аралык эксперттер Юхани Корхонен (Финляндия) жана Грациелла Тестачени (Италия) жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеке маалыматтарды коргоо багыты боюнча агенттиктин окуу борборунда онлайн-окутуу маселелери талкууланды.

“Кыргызстанда санариптештирүүнү колдоо” Twinning долбоору КР менен ЕС мүчө мамлекеттер – Эстония (eGA), Финляндия (HAUS) жана Италия (CSI-Piemonte) консорциумунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда.