Алдамчы башка адамдын паспортунун көчүрмөсүн пайдаланып, мобилдик тиркеме аркылуу анын атына насыя алган. Насыянын суммасы 10 миң сомдон ашат. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Агенттик тарабынан  адамды идентификациялоо процедураларын өзгөртүү жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу үчүн  тиркеменин ээси менен иш жүргүзүлдү.Натыйжада тиркемеде колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү.

 Биз жарандарды сак болууну жана мындай кесепеттерге жол бербөө үчүн паспорттордун жана башка документтердин көчүрмөлөрүн мессенджерлер аркылуу жөнөтпөөнү өтүнөбүз.