Кыргыз Республикасынын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин мыйзамдык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Клим Омельченко балдардын киберкылмышкерлердин курмандыгы болуп калуусу, алардын максаты ата-энелердин эле акчасы эмес, жаш интернет колдонуучулардын өздөрү да болушу тууралуу айтып берди. 

Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде Омельченко балдардын 85 пайызы гаджетинде "жашаарын" билдирди. Алар үчүн интернет – алар өз ойлорун бөлүшүүдөн тартынбаган жашоо мейкиндиги. Себеби, көпчүлүк ата-энелер балдары менен жеке мамилелерди талкуулабайт жана өспүрүмдөр үчүн интернеттен жооп издөө психологиялык жактан ыңгайлуураак. Кибер шылуундар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жатышат.

 "Балдар чоңдор сыяктуу эле ар кандай "илинмелерге" туш болушат. Кээ бир сайттарга киргенде өспүрүмдөр зыяндуу программаларды автоматтык түрдө жүктөй турган шилтемелерди колдонушат. Шпиондук колдонмолор алардын гаджеттерине же жеке компьютерине кирип, бала тууралуу маалымат чогулта башташат - аты-жөнү жана туулган күнү, ошондой эле сүрөттөр, достору менен кат алышуу ж.б. Бала өзүнүн аппаратына катып жүргөн маалыматтка жеткенден кийин шылуундар ал аркылуу алар ата-энелеринин банк картасынын номерин, алардын иштеген жерин жана алар кандай сатып алууларды жасашат балдарынан шантаж кылып, алдап маалыматка ээ болуп калышат. Ушул себеп жарандарга шылуундар банк кызматкерлери катары телефон чалып, акча каражаттарынын уурдалышына алып келген окуяларга дуушар кылат, - деп белгилейт эксперт. 

Омельченко кошумчалагандай, кол салгандар дайыма эле акчаны көздөй бербейт. Балдар өзү да бутага алынышы мүмкүн.

"Өспүрүмдөр көбүнчө интимдик мүнөздөгү, анын ичинде кызыкчылыктарын жана сырларын гаджеттеринде сакташат. Баланын гаджетине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон шылуун коомдук мейкиндикке маалыматтарды жарыялай баштаса, киберкуугунтук башталат. Баланы теңтуштарынын мындай кордоосу, кайгылуу бүтүшүнө алып келиши мүмкүн», - деди ал. 

Эксперттин айтымында, мындай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн санариптик гигиенаны сактоо керек. Бул социалдык тармактардагы жүрүм-турумдун белгилүү бир формасын жана гаджеттерди жана жеткиликтүү тармактарды колдонуу тартибин билдирет. Эксперт жок дегенде коомдук тармактарды колдонууда сүрөттөрдү жибербөөнү, ошондой эле геопункттары бар сүрөттөрдү жарыялоодон баш тартууну сунуштайт.

Радио Sputnik Кыргызстан https://ru.sputnik.kg/20221205/deti-internet-kiber-moshennichestvo-tsifrovaya-gigiena-1070687562.html интернет-булагынан алынган.