2023-жылдын 17-мартында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурия Кутнаева менен КМШ боюнча Эл аралык электр байланыш союзунун (МСЭ) Регионалдык кеңсесинин директору Наталья Мочунун ортосунда жеке маалыматтарды коргоо жаатында мүмкүн болгон кызматташууну талкуулоо үчүн онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап жеке маалыматтарды коргоонун маанилүүлүгүн жана маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздуктун акыркы ыкмалары боюнча билим берүү демилгелерин киргизүү зарылдыгын белгилешти. Нурия Кутнаева КМШ боюнча Эл аралык электр байланыш союзунун Регионалдык кеңсеси менен биргелешкен иш-чараларды, тренингдерди өткөрүү жана маалыматтарды коргоо саясатын жана жол-жоболорун жакшыртуу сыяктуу кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Н.А. Кутнаева Агенттиктин аянтчасын биргелешкен тренингдер же МСЭнин башка демилгелери үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи.

Наталья Мочу ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы ITU демилгелери, кибермейкиндиктеги балдардын коопсуздугу жана жаштарга Интернет коопсуздугу боюнча билим берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди. Эки тарап тең онлайн мейкиндикте жеке маалыматтарды коргоо азыркы учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө мамлекеттик институттардын ишинин негизги артыкчылыктарынын бири экендигине макул болушту.

Тараптар жеке маалыматтарды коргоону жакшыртуу жана Кыргызстандын калкы, анын ичинде калктын аялуу катмары жана балдар үчүн кибергигиенаны илгерилетүү боюнча биргелешип иштөөгө ниеттерин билдиришти.