Интернет айдыңындагы жаңылыктарда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандар үчүн акчалай айып пул салынган 80ге жакын конверттер, таштанды челектерине ыргытылгандыгы тууралуу жаңылыктар тараган. Бул маалыматты "Аманат Транс ЛТД" ишканасынын жетекчиси тастыктаган. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик «Аманат Транс ЛТД» ЖЧКсына мындан ары мындай учурлардын кайталанышына жол берилбестиги тууралуу эскертүү жөнөттү. Айып пул жазылган маалыматтар, жеке мүнөздөгү маалыматтарга тиешелүү болуп саналат.
 
 Агенттик жарандардын жеке маалыматтарына кайдыгер мамиле жасоого жол берилбестигине жана алардын купуялуулугун так сакталышын камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдык талаптардын бар экендигине көңүл бурат