Еврокомиссия: Европа Биримдиги 19 дүйнөлүк IT платформасы үчүн Санариптик кызматтарды коргоо мыйзамына ылайык жаңы милдеттенмелерди киргизди, анын ичинде Facebook, Instagram жана Google бар

2022-жылдын 16-ноябрында Европа Биримдигинде Санариптик кызматтарды коргоо мыйзамы (DSA) күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, 2023-жылдын 25-апрелинен тартып 17 онлайн-платформа жана эки онлайн издөө системалары жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын милдеттерди аткарышы керек. Бул платформаларды бир ай ичинде кеминде 45 миллион адам колдонот.

- Алдыдагы төрт айдын ичинде платформалар жана издөө системалары өз тутумдарын, ресурстарын жана процесстерин Интернетте колдонучулардын укуктарын жана коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ылайыкташтыруусу керек. 

- 2023-жылдын 17-февралына чейин жарыяланган колдонуучу маалыматтарынын негизинде төмөнкү платформалар аныкталды: Alibaba AliExpress, Amazon Store, Apple AppStore, Booking.com, Facebook, Google Play, Google Карталар, Google Покупки, Instagram, LinkedIn, Pinterest, Snapchat, Tик Ток, Твиттер, Википедия, YouTube, Zalando жана онлайн издөө системалары Bing жана Google Search;

- Онлайн-платформалар  жалган маалыматты, психологиялык таасир эте турган тобокелдиктерди, гендердик зомбулукту аныктап, кылдат талдап чыгышы керек;

- Колдонуучулар мыйзамсыз мазмун жөнүндө кабарлай алышат жана ал текшерүүгө алынат;

- Жарнама колдонуучунун купуя маалыматтарынын негизинде түзүлбөйт;

- Онлайн-платформалар тобокелдиктерди, анын ичинде психикалык ден соолуктун терс таасир бере турган натыйжаларды баалашы жана азайтышы керек.

Жаңы эрежелер онлайн кызматтардын ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү болушун камсыздайт жана керектөөчүлөр менен тыгыз иштешип, алардын онлайн жашоосун көзөмөлдөйт. 

dpa.gov.kg