Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жеке маалыматтарга жарандардын өмүр баяны жана идентификациялык маалыматтары, жеке мүнөздөмөлөрү, үй-бүлөлүк жана материалдык абалы, ден соолугунун абалы жана башкалар тиешелүү.

Жеке маалыматтар – бул адамды түздөн-түз же кыйыр түрдө таануу (идентификациялоо) үчүн колдоно турган  ар кандай маалымат. Мисалы:

  • толук аты (Ф.И.О.);
  • жеке идентификациялык номери (ПИН/ИНН);
  • биометрикалык маалыматтар;
  • үй-бүлөлүк абал;
  • онлайн идентификатор (колдонуучунун социалдык тармактарда колдонгон аты, IP дареги);
  • жеке адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү видеобайкоочу камеранын кадрлары;
  • башка маалымат.

Жеке маалыматтардын атайын категорияларына («сезимтал») жарандардын биометрикалык маалыматтары, бейтаптардын медициналык документтери, банктык реквизиттери мисал боло алат.

Мындай маалыматты иштеп чыгуу жана берүү кошумча коопсуздук көзөмөлүн талап кылат.

Жеке эмес маалыматтардын мисалдары:

  • уюмдун каттоо номери;
  • юридикалык жактын ИННи;
  • уюмдун электрондук дареги;
  • жеке маалыматтардын субъектинин дарегине жана анын аты-жөнүнө конкреттүү шилтемеси жок шаардын аталышы;
  • адамдын фамилиясын жана атасынын атын бир эле учурда байланыштырбастан, ал эми айкалышы кеңири таралган болсо, анда кошумча аныктоочу белгилери жок адамдын аты-жөнү.