1-тиркеме



(Кыргыз Республикасынын
 Министрлер Кабинетинин
 2022-жылдын 27-сентябрындагы
 № 540 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору жөнүндө
 ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борборунун (мындан ары - Окуу борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, финансылык-кредиттик мекемелерде улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде толук аталышы менен мөөрү, штампы жана расмий бланктары бар.

3. Окуу борборунун мүлкү (кыймылдуу жана кыймылсыз) ага оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүлүп берилген мамлекеттик менчик болуп саналат.

4. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

5. Окуу борбору өз ишин өзүн-өзү каржылоо шарттарында жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген тиешелүү лицензиянын негизинде жүзөгө ашырат.

6. Окуу борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

7. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенет.

8. Окуу борборунун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме, ал оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн. Окуу борбору өзүнө бекитилип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугун жүзөгө ашырат.

Окуу борборунун толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору";

- расмий тилде: "Учебный центр Государственного агентства по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики".

Окуу борборунун кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Окуу борбору";

- расмий тилде: "Учебный центр".

Окуу борборунун юридикалык дареги: 720071, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265-а.

2. Окуу борборунун максаттары жана милдеттери

9. Окуу борборунун ишинин негизги максаты жеке маалыматтардын субъекттерине кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу ишин, ошондой эле илимий ишти жүргүзүү болуп эсептелет.

10. Окуу борборунун негизги милдеттери болуп жарандарды, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана жеке маалыматтар массивинин кармоочуларынын (ээлеринин) кызматкерлерин жеке маалыматтарды коргоо, жеке маалыматтар менен иштөө, маалыматтык коопсуздук, санариптик гигиена, санариптик көндүмдөр маселелери боюнча окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле санариптик мыйзамдарды жана жеке мүнөздөгү маалыматтар жаатында мыйзамдарды калыптандырууга илимий ыкмаларды иштеп чыгуу саналат.

Окуу борбору ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жана купуялуулук маселелери боюнча эл аралык бир топ ийгиликтүү практиканы киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

3. Окуу борборунун негизги функциялары

11. Аталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Окуу борбору төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

1) жарандарды, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана жеке маалыматтардын массивинин кармоочуларынын (ээлеринин) кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;

2) жеке маалыматтарды коргоо, жеке маалыматтар менен иштөө, киберкоопсуздук, санариптик гигиена, санариптик көндүмдөр маселелери боюнча окуу колдонмолорун, маалымдама адабияттарын, брошюраларды иштеп чыгуу;

3) окутуунун натыйжалуу системасын түзүү;

4) окуу процессине инновациялык технологияларды киргизүү;

5) семинар-кеңешмелерди, тренингдерди, конференцияларды өткөрүү;

6) жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө түшүндүрүү-консультациялык иштерди жүргүзүү;

7) чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, юридикалык жана жеке жактар менен окуу, илимий иш, келишимдик негизде окутуу курамынын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча түз байланыштарды жүзөгө ашыруу;

8) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.

4. Окутуу өткөрүүнүн тартиби

12. Окутуу Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте түзүлгөн окуу пландарына жана программаларына ылайык өткөрүлөт.

Окутуу тилдери: угуучулардын суроо-талаптарына жана Окуу борборунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кыргыз, орус жана каалаган чет тилдерде.

Окуунун узактыгы окуу пландары менен аныкталат.

Окуу борбору окутуу процессин жүзөгө ашыруу үчүн Агенттиктин, ошондой эле башка министрликтердин жана ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу.

13. Окуу борборунда окуудан жана кайра даярдоодон өткөн угуучулар Агенттик тарабынан белгиленген үлгүдөгү документти алышат.

5. Окуу борборунун ишин уюштуруу

14. Окуу борборун жетектөөнү директор жүзөгө ашырат, ал Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

15. Директор:

1) эмгек акы төлөө фонду жана чектүү штаттык санынын белгиленген чегинде Окуу борборунун түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун Агенттиктин директоруна макулдашууга киргизет;

2) Окуу борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;

3) Окуу борборунун окуу-методикалык, өндүрүштүк ишин уюштурат;

4) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Окуу борборунун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

16. Окуу борборунун директору төмөнкүлөргө укуктуу:

1) окуу процессин, окуу-методикалык ишти жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча Агенттиктин директоруна сунуштарды киргизүүгө;

2) Окуу борборунун атынан ишеним катсыз иш алып барууга, анын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө;

3) Окуу борборунун атынан юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, Окуу борборунун кызматкерлерине ишеним каттарды берүүгө;

4) өзүнүн компетенциясынын чегинде Окуу борборунун бардык кызматкерлерине аткаруу милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарууга, тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;

5) Окуу борборунун ишине тиешелүү маселелер боюнча уюмдар жана мекемелер менен кат алышууларды жүргүзүүгө;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана белгиленген эмгек акы фондунун чегинде окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналга эмгек акы төлөө шарттарын белгилөөгө;

7) өзүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте иш сапарларына жиберүүгө;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Окуу борборунун штаттык кызматкерлерин жылдырууга, сыйлоого жана тартиптик жаза чараларын көрүүгө, ошондой эле кызматкерлерге атайын эсептин каражаттарынын эсебинен материалдык жардам көрсөтүүгө.

17. Окуу борборунун түзүмү жана штаттык саны бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде директор тарабынан бекитилет.

Борбордун кызматкерлери мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле кенже жана техникалык тейлөөчү персонал болуп саналбайт.

18. Окуу борборунун ишин каржылоо белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:

1) окуу үчүн төлөм түрүндө келип түшкөн каражаттар;

2) мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказ болгон учурда мамлекеттик бюджеттен ассигнованиелер;

3) юридикалык жана жеке жактардын адистерин даярдоого жана кайра даярдоого келишимдерди аткаруу үчүн алынган каражаттар;

4) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет мамлекеттер тарабынан акысыз берилген каражаттар;

5) илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк жана коммерциялык иштен түшкөн жеке каражаттар;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактар.

19. Мугалимдерге эмгек акы төлөө белгиленген тартипте аткарылган окуу жүктөмүнүн көлөмүнө ылайык аныкталат.

20. Окуу борборунун ишинен түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын системасындагы Агенттиктин атайын эсебине которулат.

6. Корутунду жоболор

21. Окуу борборун кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

22. Окуу борборунун иши токтотулган учурда Окуу борборунун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.