Интернет-банкинг чөйрөсүндөгү эң ири программалык камсыздоо провайдери Right Line хакердик чабуулу тууралуу маалымат каражаттарында тараган маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик өнөктөштөрүнүн тизмесине кирген Кыргызстандагы жабыркаган банктарына суроо-талаптарды жөнөттү.

Жарандардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгышынын мүмкүн болуучу тобокелдиктеринен коргоо максатында, Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын мүмкүн болушунча ачыкка чыгышы, ошондой эле бул окуяга байланыштуу банктар тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө толук маалыматты сурады. Бул иш «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында жана Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын алкагында жүргүзүлүп жатат.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды жеке маалыматтары менен колдонууда сак болууга чакырат. Банктык реквизиттерди бөлүшпөңүз, онлайн сатып алууда этият болуңуз, шектүү билдирүүлөрдү ачпаңыз, компьютериңизге жана уюлдук телефонуңузга белгисиз тиркемелерди орнотпоңуз. Мамлекеттик агенттик кеңири маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүүдө. Окуу материалдары социалдык тармактарда жана Агенттиктин сайтында берилген. Суроолор жана чара көрүү зарылчылыгы пайда болгон учурда каалаган жаран жана уюм Агенттикке дайыма кайрыла алат.

Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2022-жылдын 10-январынан тарта иштей баштаганын эсиңиздерге салабыз. Иш-аракеттердин негизги багыттары жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келишине контролду камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо болуп саналат.