Уюмдарды Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде каттоо процессинде Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өтүнмөлөрдү кароодо процедурадан өтүүгө тоскоол болгон жана өтүнмөлөрдүн кабыл алынбай калышына алып келген типтүү каталар аныкталууда. Мындай жагдайларга жол бербөө максатында, эң кеңири тараган каталардын себептерди жана аларды жоюу жолдорун түшүндүрүп беребиз.
Кыйынчылыктардын көп кездешкен себептеринин бири — системага туура эмес кирүү болуп саналат. Авторизациядан өтүү үчүн уюмдун булуттук электрондук кол тамгасы катталган адамдын идентификациялык жеке номери (ИЖН), ошондой эле идентификациялоонун бирдиктүү тутуму (Түндүк порталында) тиешелүү жарактуу сырсөз колдонулушу керек. Эгер сырсөз унутулуп же жоголуп калса, ИБТ аркылуу аны калыбына келтирүү же жаңысын орнотуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан тышкары, дагы бир кеңири тараган ката — уюмда юридикалык жактын булуттук электрондук кол тамгасынын жок болуп калышы. Эскерте кетсек, идентификациялоонун бирдиктүү тутуму өтүү жана Реестрге катталуу үчүн юридикалык жактын булуттук электрондук кол тамгасы гана кабыл алынат. Рутокендерди, флеш-ачкычтарды жана башка физикалык каражаттар, аппараттык кол тамгалар система тарабынан колдоого алынбайт. Булуттук электрондук кол тамганы алуу үчүн ишкерлерди тейлөө борбору, калкты тейлөө борборуна же салык органдарына кайрылса болот.
“Жеке маалыматтар массиви” бөлүмүн туура толтурууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Каттоонун экинчи этабында жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотуу мөөнөтү милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек, мисалы, жылдын так саны же уюм жоюлганга чейинки мөөнөт. Бул маалымат көрсөтүлбөгөн учурда системада катачылык же өтүнмө каттоодон баш тартылышы мүмкүн.
Эгерде өтүнмөгө “Четке кагылды” макамы ыйгарылса, бул берилген маалыматтарда эскертүүлөр же катачылыктар бар экенин билдирет. Оңдоо үчүн системага кайра кирип, түзөтүү функциясын колдонуп, көрсөтүлгөн комментарийлер менен таанышып, өзгөртүүлөрдү киргизип, өтүнмөнү кайра жөнөтүү зарыл.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен маалыматтарды жүктөөдө ката чыгышы мүмкүн. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылуу же уюмдун ИННи менен ОКПО кодун көрсөтүп, төмөнкү WhatsApp номерлеринин бирине жөнөтүү сунушталат: 0709 950 750, 0998 950 350. Мамлекеттик агенттиктин адистери маалыматтарды текшерип, бул катаны жоюуга көмөк көрсөтүшөт.