Иш сапардын алкагында алты мамлекеттик органдын (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, УКМК, Ички иштер министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана КР Улуттук банкынын өкүлдөрү) маалыматтарды коргоонун практикалык аспектилери менен таанышты. Маалыматтардын бузулушу, киберкылмыштарды иликтөө, киберфорензике (санариптик криминалистика), кибермейкиндикте балдардын укуктарын коргоо, бул чөйрөдө Европа Биримдигинин мыйзамдарын (GDPR) бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш сапардын максаты жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук боюнча мыйзамдык жана технологиялык инструменттерди өркүндөтүү максатында тажрыйба алмашуу болгон.

Сапардын уюштуруучулары – Эстониянын Электрондук башкаруу академиясы жана италиялык CSI Piemonte муниципалдык компаниясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн семинарларга активдүү катышуусун белгилешти жана делегациянын катышуучуларына сертификаттарды тапшырышты.

Кыскача маалымат:

Иш сапар Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган «Кыргызстанды санариптештирүү программасын колдоо» Twinning -Кыргызстан долбоорунун алкагында уюштурулду.