Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүулүгү тууралуу маалымат

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына ылайык  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Агенттик жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтому менен кабыл алынган. Агенттик юстиция органдарында 2022-жылдын 10-январында катталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобого ылайык, Агенттик жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет жана жеке маалыматтарды маалыматтык системаларда иштеп чыгууда коргойт.

Агенттик «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-1-беренесине ылайык, жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун жогоруда аталган мыйзамдын талаптарына ылайык келишин контролдойт жана жеке маалымат субъекттеринин укуктарын коргоону камсыз кылат.

Агенттик «Санариптик секторун реформалоо боюнча келишим» (ACA/2020/042-335) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарандардын жеке маалыматтарын коргоонун деңгээлин жогорулатуу» 3.1 индикаторун аткаруучу органы болуп саналат.

2022-жылдан ушул күнгө чейин Агенттик тарабынан төмөнкү иштер аткарылган:  

1. Мыйзамдык деңгээлде (тармактык саясатты штеп чыгууда) жеке маалыматтарды коргоо жаатында 13 ченемдик-укуктук акты жана 4 локалдык акты иштелип чыккан:

  • 11 ченемдик-укуктук акты жана 4 локалдык акты бекитилди;

  • 2 ченемдик-укуктук акты министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууда  

2. Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекеттик органдардан, юридикалык жана жеке жактардан түшкөн 2044 кайрылуу боюнча корутунду жана жооптор берилди. 

      3. «Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестри» маалыматтык системасы иштелип чыккан жана ишке киргизилген, анда 2022-жылдын июль айынан тартып биринчи каттоодон 419 уюм өткөн.

4. Иштелип чыккан Агенттиктин сайты үч тилде (кыргыз, орус, англис тили) https://dpa.gov.kg дареги боюнча жеткиликтүү. Жарандар үчүн телеграм-бот иштелип чыккан (https://t.me/agentstvoPDbot), ал алгачкы маалыматты жана көп берилүүчү суроолорго жоопторду камтыйт. Бизнес үчүн купуялуулук саясатын иштеп чыгуу боюнча онлайн-платформа иштелип чыккан. Платформа Агенттиктин сайтында жеткиликтүү https://dpa.gov.kg (купуялык саясатынын генератору https://privacy.dpa.gov.kg/).

5. Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен 60 жолугушуу өткөрүлгөн.

6. Жеке маалыматтардын субъектиси катары укуктарынын бузулушу боюнча жеке жактардын 92 кайрылуусу каралды.

7. Жеке маалыматтар боюнча мыйзам бузуунун 11 киберинциденти боюнча чаралар көрүлгөн.

8. 2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын июнь айына чейин оффлайн- жана онлайн-форматта, мамлекеттик органдар, жергиликтүү башкаруу органдары, юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик эмес секторго жана окуучуларга, жалпы 1010 адамды камтыган 26 тренинг өткөрүлгөн.

9. Кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган:

  • Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен;

  • Бизнес-омбудсмендин институту менен;

  • Беларусь Республикасы менен өз ара кызыкчылык туудурган жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерине эң натыйжалуу мамилени камсыз кылуу, ошондой эле тажрыйба алмашуу маселелери боюнча;

  • Венгериянын маалыматтарды коргоо жана эркин маалымат боюнча улуттук башкармалыгы менен өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандум.

10. «Санариптик секторун реформалоо боюнча келишим» (ACA/2020/042-335) Европалык биримдигинин Программасынын реформа саясатынын шарттары Матрицасын аткаруу алкагында, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында бекитилген Планга ылайык, жалпы 12 иш-чар Агенттик тарабынан толугу менен аткарылган. Мындан улам Кыргыз Республикасына 2021- жана 2022-жылдары жылына бюджетти колдоо үчүн 500 миң евро каражат бөлүнгөн жана ошондой эле 2023-жылы Европа биримдигинен каражат бөлүнөөрү күтүлүүдө (жалпы – 1,5 млн евро).