Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин  Өкүлчүлүгү менен бирге таланттуу жана чыгармачыл жаштарды киберкоопсуздук жана санариптик укук чөйрөдө акы төлөнүүчү стажировка өтүүгө өз командасына чакырат.

Агенттиктин стажировка программасы Жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө Агенттиктин бөлүмдөрүндө практикалык иш тажрыйбасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет:

  • Жеке маалыматтарды иштеп чыгууну коргоону жана контролдоону камсыздоо бөлүмү
  • Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдык экспертиза бөлүмү

Айлык төлөм  - 200 евро.

Практиканын узактыгы сыноо мезгилинин ийгилигине жараша болот.

Биздин командага кошулуу менен сиз төмөнкүлөргө ээ боло аласыз:

  1. Жеке маалыматтарды коргоо жаатында уникалдуу тажрыйба;
  2. Баалуу иш көндүмдөрү;
  3. Чоң көлөмдөгү маалымат менен көп тапшырманын ритминде иштей билүү.

Эгерде сиз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте стажировкадан өтүүнү кааласаңыз, анда төмөнкү талаптарга жооп беришиңиз керек:

  • 2022-2021-2020-2019-жылдары киберкоопсуздук жана санариптик укук (же тиешелүү адистиктер) боюнча бакалавр даражасынын бүтүрүүчүсү болуу;
  • Кыргыз Республикасынын жараны болуу; 
  • Факультеттин/декандын/долбоордун жетекчисинин/мурунку өндүрүш практикадан же стажировкадан рекомендация катын берүү ж.б.;
  • Талапкерлер үчүн кошумча артыкчылыктар:  киберкоопсуздук, системалык администратор, программалоо же укук жаатында сертификаттары бар, ошондой эле маалыматты коргоо жагында   Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары жеке маалыматтарды коргоого байланышкан мамилелерди жөнгө салган ченемдик укуктук база менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу;
  • Стандарттуу эмес чечимдерди табууда креативтүүлүк, эмгекчилдик, чечкиндүүлүк, коллективде иштей билүү сыяктуу жеке сапаттарга ээ болуу.

Стажировканын башталышы талапкерлердин тандалып алынганына  жараша пландаштырылууда.

Орундардын саны чектелген.

Сынакка катышуу үчүн сиз өзүңүздүн резюмеңизди жөнөтүп, эки багыттын кайсынысы боюнча стажировкадан өтүүнү кааласаңыз («Киберкоопсуздук» же «Санариптик укук») Агенттиктин электрондук дарегине (info@dpa.gov.kg ) кыска коштомо кат жазышыңыз керек. 

Темада Стажировка деп көрсөтүү зарыл.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 11-июлу, 18:00.

Агенттиктин иши тууралуу кеңири маалыматты биздин https://dpa.gov.kg  сайтынан жана Facebook жана Instagram баракчаларыбыздан - dpa.gov.kg карасаңыз болот. 


Сизди биздин командада күтөбүз!