Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү юридикалык жактар тарабынан мыйзам бузуу учурлары, ошондой эле Агенттиктин таасир этүү чаралары кандай төмөнкү мисалдардан каралышы мүмкүн.

  1. " С. " медициналык клиниканын сайтында бейтаптардын медициналык анализинин натыйжаларын ачык түрдө көрсөтүү. Кокустан беш орундуу сандарды киргизүү сайтта бейтаптардын диагностикалык изилдөөлөрүнүн (компьютердик томография, маммография, санарип рентген, УЗИ, сөөк денситометриясы жана ЭКГ) натыйжаларын көрсөтөт. Жыйынтыгында пациенттин аты-жөнү, кайрылган күнү, изилдөө протоколу, туулган жылы, жынысы, изилдөөнүн сыпаттамасы, ден соолугунун абалы, дарыгердин корутундусу жана аты-жөнүкөрсөтүлөт.

Агенттик тарабынан медициналык клиниканын дарегине жарандардын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы укуктарынын бузулгандыгын жана аларды жоюу зарылдыгын көрсөткөн каттар жөнөтүлдү. Жыйынтыгында "С." медициналык клиникасы тарабынан көрсөтүлгөн бузуулар четтетилген.

  1. "Э. М."мобилдик тиркемесинен жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга мажбурлап берүү. Жаран мобилдик тиркемеде жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, үчүнчү жактарга берүүгө жана жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүгө  макулдугун көрсөтпөстөн (кене коюу) каттала албагандыгына нааразы болду.

Тиркеменин ээсинин дарегине жарандардын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы укуктарын бузгандыгын көрсөткөн жана аларды четтетүү тууралуу каттар жөнөтүлгөн. Азыркы учурда компания тарабынан аталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Эгер эч кандай чара көрүлбөсө, бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарынын дарегине "Э.М." аракеттерине юридикалык баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт.

  1. Жеке адамга мобилдик тиркеме аркылуу насыя берүү. Башка адамдын паспортунун көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүгү бар шылуун "С."мобилдик тиркемеси аркылуу ага насыя алган. Насыянын суммасы  10 миң сомдон ашат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Мобилдик тиркеменин ээсинин дарегине веб-тиркемеде колдонулган колдонуучуларды идентификациялоо механизмдери жөнүндө, мындай маалыматты чогултууда, иштеп чыгууда жана сактоодо жарандардын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу боюнча ички жол-жоболор, ошондой эле чогултулган жеке маалыматтарды трансчегаралык берүү жана веб-тиркемени колдонуучулардын жеке маалыматтарын күчөтүү жана коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө көрүлгөн чаралар жөнүндө толук маалымат берүү жөнүндө тиешелүү каттар жөнөтүлдү.

Уюм тарабынан идентификациялоо жол-жоболорун өзгөртүү боюнча иштер жүргүзүлдү: насыяга арыз берүүдө идентификациялоонун дагы бир фактору кошулду, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу тутумун киргизүү менен алектенген жана жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыз кылган кибер коопсуздук бөлүмү түзүлдү.

  1. Башкалардын жеке маалыматтарын суроо. "Ф." банкынан тараптардын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун талаптарын бузуу менен электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу башка адамдардын жеке маалыматтары субъекттин макулдугу жок суралган.

"Ф." банкынын дарегине Агенттик тарабынан Келип чыккан инцидентти четтетүү жана чараларды кабыл алуу боюнча толук маалымат берүү, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөө контекстинде маалыматтык коопсуздук жаатында уюштуруу-укуктук иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн.

Уюм тарабынан берилген маалыматка ылайык, кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары колдонулган, ал эми бөлүмдүн башчысына берилген арыздын негизинде эмгек мамилелери токтотулган.

"Ф." банкынын тарабынан мүмкүн болгон тобокелдиктерге жол бербөө максатында система менен иштөө боюнча жол-жоболор жана нускамалар иштелип чыккан, тартылган бардык кызматкерлер үчүн тренингдер өткөрүлгөн, маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлган, ошондой эле тобокелдиктердин келип чыгышына жол бербөө максатында кызматкерлерге туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп турат.