Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жеке маалыматтарды чогулткан, сактаган жана иштетүүнү жүзөгө ашырган бардык уюмдарга жана мекемелерге Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине (Реестр) милдеттүү түрдө катталуусу керектигин эскеретет. 

Реестрге милдеттүү түрдө катталуу “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралып, жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо процесстеринде ачык-айкындуулукту камсыздоого, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле бул чөйрөдөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган.

Реестрде катталуу үчүн атайын мамлекеттик органга баруунун зарылдыгы жок, каттоо толугу менен онлайн режимде Агенттиктин – dpa.gov.kg расмий сайты  аркылуу жүргүзүлөт.  Каттоодон өтүү үчүн юридикалык жактын булуттук электрондук кол тамгасын колдонуу менен Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу авторизациядан өтүү керек (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому “Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестрине жеке маалыматтар массивдерин кармоочуларды (ээлерин), жеке маалыматтар массивдерин жана жеке маалыматтар тизмесин каттоо, ошондой эле аны жүргүзүү жана жарыялоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-ноябры № 638)

2026-жылдын башынан тарта Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестринде каттоодон өтпөстөн жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу - үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык административдик жоопкерчилик каралгандыгын эскертебиз (“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2025-жылдын 19-майы № 95). 

Агенттик жеке маалыматтарды иштеп чыккан бардык субъекттерге укуктук кесепеттерге жол бербөө үчүн белгиленген тартипте Реестрде каттоодон өтүүнү эскеретет.

Каттоо жөнүндө кошумча маалыматты Агенттиктин расмий сайтынан же +996 997 950 850, +996 998 950 350 жана +996 709 950 750 байланыш телефондору аркылуу алса болот.